Бүгүн, 15-январда Бишкектин айрым көчөлөрүндө убактылуу ысык суу менен жылуулук өчөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 18:00гө чейин Ибраимов көчөсүндөгү №40, 42, 40/1, 42/1 үйлөрдө, Бөкөнбаев көчөсүндөгү №59 үйдө, Шопоков көчөсүндөгү №33, 35 үйлөрдө оңдоо иштерине байланыштуу ысык суу менен жылуулук убактылуу токтотулат.