Адылбек Касымалиев Гонконгдо визаны жөнөкөйлөтүү боюнча маселе көтөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайдын Гонконг өзгөчө административдик районуна жумушчу сапарынын алкагында Гонконгдун администрациясынын башчысы Жон Ли менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинети маалымдады.

Кыргыз делегациясынын башчысы белгилегендей, Кыргыз Республикасы экономикалык өсүш, бюджеттин киреше бөлүгүнүн өсүшү, социалдык төлөмдөрдүн көбөйүшү жана калктын жан башына ИДПнын эки эседен ашык өсүшү менен мүнөздөлгөн туруктуу прогрессивдүү өнүгүүнү көрсөтүп жатат.

"Кыргызстан Борбордук Азиядагы транспорттук-финансылык хаб катары позициясын бекемдөөгө умтулуп, капиталдык инвестицияларды, анын ичинде Кытайдын Гонконгунан жигердүү тартууну көздөйт", - деди МинКаб башчысы.

Тараптар Кытайдын Гонконг аймагында Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздарын чыгаруу боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Касымалиев Кыргызстандын жарандары үчүн визалык режимди жөнөкөйлөтүү маселесин көтөрдү.

Мындан тышкары билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, анын ичинде студенттерди алмашуу программаларына жана эки тараптын билим берүү мекемелеринин ортосунда түз байланыштарды түзүүгө жана Кыргызстандан келген студенттерге Гонконгдун ЖОЖдорунда билим алуу үчүн квоталык орундарды бөлүштүрүүгө кызыкдарлык билдирилди.

Жон Ли өз кезегинде Гонконг менен Кыргызстандын кызматташуусунун горизонтторун кеңейтүү каалоосун колдой турганын билдирди жана каржы тармагында кызматташуунун келечегин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан