Гиря көтөрүү боюнча Орусиянын чемпиону болгон Владимир Фещенко башына ок тийип, Москванын борборунда каза болду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги укук коргоо органдарына таянуу менен жазды.
Маалыматка ылайык, спортчу Ольховая көчөсүндө башына ок тийип каза болгон. Күч органдарынын маалыматы боюнча, кылмышка шектүү адам кармалып, адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Окуя 13-январда болгон.
Владимир Фещенко бир убактарда спорттук карьерасын күчтөндүргөн. Ал гиря көтөрүү боюнча Орусиянын жана Европанын чемпиону болгон. Акыркы убактарда ФСБ кызматында иштеп, маалымат талаасына чыкпай калган.