"Сапёрлор каякты караган?" Депутат Лейлектеги снаряд жарылган үйдөн Акылбек Жапаров чай ичип кеткенин айтты

Бүгүн, 15-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чыңгыз Ажибаев Лейлекте снаряд жарылган үйдөн мурунку өкмөт башчы Акылбек Жапаров чай ичип кеткенин айтты.

"Снаряддын кайсы жактан келгенин карап чыгыш керек. Ведомстволор аралык комиссия түзүш керек. Ошол үйдөн буга чейин Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров чай ичип кеткен. Сапёрлор каякты караган? Эмне себептен мындай болуп жатат? Снарядды бирөө таштап кеттиби? Муну кылдаттык менен карап чыгыш керек", - деди Ажибаев.

Эске салсак, 5-январда Арка-2 айылында белгисиз жардыруучу зат жарылып, эки адам ооруканага түшкөнү белгилүү болгон. Баткен облустук милициясы окуядан 32 жаштагы аял жана анын 11 жаштагы кызы жабыркаганын маалымдаган. Маалыматта тургундар жашаган үйүнүн короосун жыйнап жатып белгисиз затты таап алышканы, аны үйдүн жанындагы бетонго таштаган учурда жарылып кеткени айтылат. 39 жаштагы үй ээси жарылуучу зат 2022-жылдын 16-сентябрь күнү Тажикстандын агрессивдүү кол салуусунан улам калган болушу мүмкүн деген көрсөтмө берген.

УКМК жарылган зат снаряд экенин билдирген.

Депутат Лейлектеги снаряд жарылган үйдөн мурун Акылбек Жапаров чай ичип кеткенин айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан