Депутат Лейлектеги оорукананын балдар бөлүмүндө чоң адамдар жатканын айтты (видео)

Парламенттин бүгүн, 15-январдагы жыйынында депутат Чыңгыз Ажибаев Лейлек районундагы аймактык оорукананын имаратынын абалы кооптуу экенин айтып, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бешеналиевге кайрылды.

"Достук айылындагы оорукананын балдар бөлүмүндө бүгүнкү күндө чоң кишилер дагы жатууда. Балдар үчүн өзүнчө, чоңдорго бөлөк кылып шарт түзүп бериш керек. Алымкадыр Савирдинович (Бейшеналиев) ушул түз эфирди көрүп жатса, кайрылып коёюн. Ушул маселелерди карап берсин.

Лейлек районундагы аймактык ооруканабыз бар. Ал жерде бөлмөлөр бар. Барсаңыз коркосуз да. ӨКМдин ал жерге адам киргенге болбойт деген корутундусу бар. Бирок бүгүнкү күндө ошол жерде адамдар дарыланып жатат", - деди депутат.

15.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан