Депутат Токтошев: "Бишкектеги ыш маселесин жоюуга бөлүнгөн акчалар кайда кетти?"

Бүгүн, 15-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев Бишкектеги ыш маселесине токтолду.

Эл өкүлүнүн айтымында, абаны тазалоо үчүн 50 миллион долларга кредиттик келишим ратификацияланган, бирок андан эч кандай жыйынтык болгон эмес.

"Жогорку Кеңеште 4-5 жылдан бери бул маселе көтөрүлүп келе жатат. Биз 50 миллион долларга кредиттик келишимди ратификациялап бердик, андан башка абаны тазалоо үчүн 10-20 миллиондоп гранттар келип жатат. Бирок эч кандай жылыш жок, жыйынтык көрбөй жатабыз. Дагы эле өпкө оорулары, жаш балдардын оорулары күчөп жатат. Эгер ден соолук болбосо ишке ашырып жаткан чоң долбоорлорубуз бир тыйын. Кийинки жыйналышка тийиштүү адамдер келип, бизге түшүндүрмөлөрүн айтып кетишсин. Жөн эле келишпесин, чечимдери менен келишсин", - деди Токтошев.

Депутат Бишкектеги ыш маселесин көтөрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан