Бүгүн, 15-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин жардам сурап кайрылган Нурзат Нуржанова аттуу жаранды кабыл алып, 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-декабрда Нурзат Нуржанова жардам сурап кайрылган. Ал кайрылуусунда 3 жаштан 13 жашка чейинки 6 баланын энеси экенин, турмуштук оор кырдаалга туш болгонун, жеке турак жайы жана балдарды тийиштүү түрдө камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү жоктугун, бутуна операция жасалып, андан кийин кыймыл-аракети кыйындаганын билдирген.
"Нуржанованын туруктуу иштеген жери жок, мурда тигүүчү болуп иштеген, бирок жаракат алып, операция жасалгандан кийин иштөөсүнө кыйынчылыктар жаралган. Ал эми жолдошу мурда такси кызматында иштеген, учурда туруктуу киреше булагы жок, тамак-аш жеткирүү менен алектенет. Ошондой эле ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөрү бар болгондуктан оор физикалык жумуш менен алектене албайт. Арыз ээси күйөөсү жана 6 баласы менен Бишкектин четиндеги Аламүдүн айылында ижарага алынган үйдө жашап келген", - деп айтылат маалыматта.