Бычак менен ичке сайган. Бишкекте кылмышка шектелип 64 жаштагы киши кармалды

Бишкек шаарында 64 жаштагы жаран кылмышка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-январда милицияга Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 17:20 чамасында Заречная көчөсүндө 1982-жылы туулган уулун белгисиз жаран бычак менен ичке сайып качып кеткенин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмү (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1960-жылы туулган Б.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан