Нарын облусунда бетон аралашмасын чыгара турган заводдун курулушу пландалып жатат. Бул тууралуу президенттин Нарындагы өкүлчүлүгү кабарлады.
Ага ылайык, саатына 70-80 куб метр бетон аралашмасын чыгара турган заводдун курулушу жаз айына мерчемделип жатат. Аны “Оливин” ишканасы ишке ашырат.
"Учурда бетон аралаштыруучу 4 атайын техника (бетономешалка) келди. Бетон заводу ишке кирген учурда Нарын шаарындагы ипотекалык үйлөрдү дагы бетон аралашмасы менен толук камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт", - дешти мекемеден.
Эске салсак, 2024-жылдын 18-сентябрынан баштап Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагына караштуу “Запин-2” участогунда “Оливин” ЖЧКсынын саатына 160 тонна таш майдалоочу кубаттуулугу бар, кум-шагыл аралашмасын чыгаруучу заводу иштеп жатат.