Испания курама командасынын жана "Барселона" клубунун чабуулчусу Ламин Ямаль "Реал Мадриддин" формасын кийиген бала менен сүрөткө түшкөнү чоң талкууну жаратты.
Каталондук клубдун Испаниянын Суперкубогунун финалындагы жеңишинен кийин көптөгөн жаш футбол күйөрмандары 17 жаштагы жылдыз менен сүрөткө түшүүгө аракет кылышкан. Алардын бири "Реал Мадриддин" формасын кийген күйөрман болгон. Ямаль аны менен сүрөткө түшүүдөн баш тарткан эмес. Бирок сүрөткө түшүп жатканда колу менен "Реалдын" эмблемасын жаап койгон.
Ушундай эле сүрөткө "Барселонанын" чабуулчусу Роберт Левандовский дагы түшкөн.