Бүгүн, 15-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо мугалимдерди ишембиликке чыгарып, көчө шыпыртпоого чакырды.
Эл өкүлү аталган маселени Билим берүү министрлиги карап чыгуусу керектигин айтып, мугалимдердин көчө шыпырып жатканы уят көрүнүш экенин билдирди.
"Мугалимдерди көчө шыпыртып, таштанды төккөн полигонго чейин чыгарып алып иштетпей эле коёлучу. Мугалим кечинде баласын карайт, күндүз менин, сенин, баарыбыздын балабызга билим берет. Бирок ошолор көчөгө чыгып алып, бирөөнүн эшигин тазалап, бактарды актап жүрүшөт. Ар бир райондо мугалимдерди чыгарып алып көчө тазалатабыз. Бул өтө уят. Алар балдарга билим бериш керек. Ушул нерсеге тыюу салынсын, алар кул эмес да. Мугалимге мугалимдей статус берели", - деди депутат.