Бүгүн, 15-январда Талас районунда катталган жол кырсыкта 2 адам каза болуп, 5 адам жаракат алды. Бул тууралуу Талас ЖКККБнын басма сөз кызматы маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, кырсык бүгүн саат 10:00 чамасында Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 107-чакырымында катталган. Анда Фольксваген Пассат менен Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, 2 адам каза болуп, 5 жаран ооруканага түшкөн.
Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.