Бишкекте Милициянын кайгуул кызматы тарабынан жол боюнда кайыр сурагандарга карата "Кайырчы" аталышындагы рейд жүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Анда шаардагы негизги көчөлөрдө туруп, унаалардын жүрүүсүнө тосколдук жараткан жарандар милиция бөлүмдөрүнө жеткирилди.
"Рейддик иш-чаранын максаты – жол кырсыктарын алдын алуу" деп билдирди мекеме.