Бишкекте эски аянттагы Лениндин эстелигинин ордуна Усубалиевдикин коюу сунушталды

Бүгүн, 15-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев Бишкектин эски аянтында турган Владимир Ильич Лениндин эстелигин алып, ордуна Турдакун Усубалиевдин айкелин коюуну сунуш кылды.

"Эски аянтка 2020-жылы Усубалиевдин аты берилген. Бул жеке сунушум. Кочкор районунун тургундары дагы кайрылып жатышат. Мен айтпасам дагы Усубалиевдин өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын жакшы билесиздер", - деди Сыдыгалиев.

Ошондой эле эл өкүлү борбор калаадагы төрт райондун аталышын өзгөртүү керектигин айтты. Вице-спикер бул маселени ар дайым көтөрүп келе жатканын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан