Бишкектеги турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду (видео)

Бишкек шаарында адам өмүрүн алган өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалымдагандай, бүгүн, 15-январда ӨКМге Маевка айылына жетпей Белозерский көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине саат 14:26да өрт өчүрүү тобу жөнөтүлгөн. Саат 14:46да дагы кошумча 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Натыйжада тилсиз жоо саат 16:25те толук өчүрүлдү.

ӨКМ кырсыктан 1960-жылы туулган эркек киши каза болгонун кошумчалады.

15.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан