Бүгүн, 15-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гуля Кожокулова Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевди сынга алды.
Эл өкүлү Мамкурулуштун Ысык-Көлдүн жээгиндеги пирстерге буукана (парилка) куруу сунушун сындап, Орунтаевди 180 градуска өзгөрүп жатат деп айыптады.
“Мамкурулуштун жетекчиси Орунтаевга эмне болуп жатат? Что-то его очень штормит. Ага эмне болуп атканын түшүнө албай жатам. Бир туруп мыйзамдарды, президенттин жарлыгын так аткарып калат. Ысык-Көлдүн жээгиндеги буукананы (парилка) жаап салды. Эми кайра пирстерде буукана ачуу мыйзамын коомдук талкууга чыгарыптыр. Ал эмнеге 180 градуска өзгөрүп жатат? Ал президенттин "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгын унутуп калган окшойт. Ошону эсине салып коёюн. Ысык-Көлгө мындай мамиле болуп жатса, кайдагы экология жөнүндө сөз кылып жатабыз?", - деди Кожокулова.
Ошондой эле ал Орунтаевди парламентке чакырып, отчётун угууну сунуштады.
Мамкурулуш 10-январда Ысык-Көлдө пирстин үстүнө бууканаларды (парилка) салууга уруксат берүүнү сунуштап, тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга койгон. Анда көл жээктен 100 метр аралыкта пирстерди, пирстик мончо объектилерин, бар текчелерин жана коомдук дааратканаларды курууга уруксат берүү сунушталган.
Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, көл жээктен 500 метр аралык санитардык зона катары эсептелинет, ал эми суудан 100 метр аралык өтө катуу көзөмөлгө алынган жер катары саналат.
Ысык-Көлдө көлдүн үстүнө мончо же сауна орнотуп иштетүүгө өкмөт 2018-жылы тыюу салган, бирок алардын айрымдары 2024-жылга чейин иштеп келген, маселен Чоң-Сары-Ой айылындагы жеке эс алуу жайынын көл жээгинде орнотулган буукана былтыр февралда гана алынган.