Борбор калаада жаңы жылдык майрамдар аяктап, "Ала-Тоо" аянтындагы балаты жана майрамдык жасалгалар алына баштады. Бул туурасында бүгүн, 15-январда мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, көчмө сооданы алдын алуу максатында атайын соода жайлары уюштурулуп, шаардык казына 2,8 миллион сомго толукталды.
"14-декабрдан 1-январга чейин борбор калаанын тургундары жана коноктору күн сайын майрамдык концерттерге катышып, компанияларга мэрия тарабынан өздөрүнүн иш-чараларын өткөрүү мүмкүнчүлүгү берилди. Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөгө жана сахна менен жабдууларды ижарага алуу чыгымдарын жарым-жартылай төлөөгө мүмкүнчүлүк берди.
Ал аралыкта аянтка 550-600 миң адам кызыгып келип, анын ичинде эң көп эл 14-декабрда – 10 миңден ашык адам, ал эми 31-декабрда – 18 миңден көп адам келген", - деп айтылган маалыматта.
Белгилей кетсек, быйыл өлкөнүн негизги балатысын жасалгалоо үчүн 1,5 миллион сом каражат сарпталганы айтылган. Мындан тышкары жеке компания тарабынан 16 миллиондон ашык каражатка дагы көрктөндүрүү иштери жүргөндүгү маалыматта кошумчаланган. Ал эми "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери үчүн 330 миң сом төлөнгөн, электр энергиясы жана суу чыгымдары, ошондой эле салык төлөмдөрү 2,3 миллион сомду түзүп, иш-чаралар учурунда 250дөн ашык адам жумушка орноштурулгандыгы айтылат.