Жалал-Абадда топ балдар өспүрүмдү сабаган. Шектүүлөр кармалды (видео)

Аксы районунда жашы жете элек баланы тоноого шектелип өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 9-январда милицияга С.К аттуу аял киши арыз менен кайрылган. Ал 8-январда Кербен шаарында топ балдар 2008-жылы туулган баласын эч себепсиз уруп, денесине жаракат келтиришкенин айткан.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) менен кылмыш иши козголгон. Ал эми жабырлануучунун денесине келтирилген жаракаттардын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Бул кылмышка шектүү катары Кербен шаарынын 2006-жылы туулган Ш.М., 2008-жылы туулган Т.А. жана 2007-жылы туулган Н.Ө. аттуу тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

15.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан