Бүгүн, 15-январда Бишкектеги мейманканалардын биринде 2001-жылы туулган жаш кыз асынган абалда табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин райондук милициясынан ырастады.
Маалымдалгандай, саат 12:00дө милицияга мейманканалардын биринен кабар келип түшкөн. Анда бөлмөлөрдүн бирине жайгашкан кардарлардын бири эшигин ачпай жатканы айтылган. Жерине барган укук коргоо кызматкерлери бөлмөдөн Н.Ф. аттуу 2001-жылы туулган кызды асынган абалда табышкан.
Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалганы жана анын алкагында тийиштүү чаралар көрүлө тургандыгы кошумчаланды.