Бишкектин тургунунун 580 миң сомун карактоого шектүү кармалды

Бишкекте каракчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-январда Биринчи май ички иштер бөлүмүнө калаа тургуну арыз менен кайрылган. Ал ошол эле түнү саат 02:30 чамасында, Алтын-Казык жаңы конушундагы үйүнө белгисиз адам кирип келип, 580 миң сом өлчөмүндөгү акчасын күч колдонуп тартып алып, изин жашырып кеткенин айткан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-Жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мурда соттолгон 2002-жылы туулган Р.М. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан