Израил менен Палестинанын ХАМАС кыймылынын сүйлөшүү топтору Газада ок атышууну токтотууну макулдашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Мындай кабарды ортомчу өлкөлөрдүн биринин жогорку даражалуу өкүлдөрү жана Израилдин эки расмий өкүлү билдирген. Ок атышпоо келишими үч этап менен ишке ашат.
Биринчи этапта, Израилдин аскерлери Газадагы калктуу конуштан чыгып кетиши керек;
Экинчи этапта, согушту биротоло токтотуу боюнча ХАМАС менен Израилдин ортосунда сүйлөшүү жүрөт;
Үчүнчү этапта, туткундагылар бошотулат жана каза болгондордун сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилет.
Келишим 19-январдан тарта күчүнө кирет.