UFC уюму Конор Макгрегор октагонго кайтып келгенин жарыялады

UFC уюмунун башчысы Дана Уайт уюмдун жеңил салмактагы мурдагы чемпиону Конор Макгрегор октагонго кайтып келерин айтты.

Pardon My Take телеканалына берген маегинде Дана Уайт Конор Макгрегор үч жылдан ашык тыныгуудан кийин ушул күздө октагонго чыгарын айтты.

"Эртеби-кечпи ал кайтып келет. Пол менен мушташабы? Жок, андай болбойт. Мен Конор быйыл күзүндө UFCде мушташарын айткым келет", - деген ал.

Буга чейин Макгрегор Мумбайда блогер Логан Полго каршы бокс эрежеси боюнча беттешүүнү пландап жатканы тууралуу кептер тараган.

36 жаштагы Макгрегор 2021-жылы UFC 264 турниринде америкалык мушкер Дастин Порье менен акыркы беттешин өткөргөн. Беттеш ирландиялык мушкердин жаракатынан улам токтотулуп, Порье жеңүүчү деп табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан