Бишкектин четиндеги эки кабаттуу дүкөн демонтаждалды (фото)

Бишкектин түндүгүндөгү айланма жолду реконструкциялоо долбооруна байланыштуу жол жээгин демонтаждоо иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

Мэриянын адистери 32 метрге реконструкция боло турган аймакка чыгып калган 2 кабат дүкөндү демонтаждоодо. Натыйжада мурда дүкөн болгон 89 чарчы метр муниципалдык жер бошотулат.
Бүгүнкү күндө түндүк айланма жолундагы 119 объект тазаланган.
"Бул объектилер тиешелүү уруксат кагаздары жок жайгашып, жерди пайдалануу эрежелерин бузган", - деп билдиришти мэриядан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан