Кыргыз эстрада ырчылары Айгерим Эшим менен Элзар Тиленбаев жакында ата-эне статусуна ээ болушат. Бул тууралуу түгөйлөр Инстаграм баракчасында сүрөт жүктөп, сүйүнчүлөдү.
Анда жубайлар гендер-пати өткөрүшкөнүн кабарлашкан.
"Убакыт – учкан куш. Үйлөнгөнүбүзгө сегизинчи ай кетип жатат. Кечээ эле кыз-жигит болуп жүрдүк эле, бүгүн минтип ата-эне жолуна аттанганы жатабыз. Сиздерден жылуу сөздөрдү күтөбүз", - деп билдирүү калтырышкан.
Белгилей кетсек, Айгерим Эшим менен Элзар Тиленбаевдин үйлөнүү үлпөт тою өткөн жылдын июль айында Бишкек шаарында өткөн.