Тышкы иштер министринин орун басары болуп Медер Абакиров дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Анда айтылгандай, тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Жаңы дайындаган жектекчини эмгек жамаатка МинКаб башчысынын орун басары Данияр Амангелдиев тааныштырды.
Маалымат үчүн:
- Абакиров Медер Омурбекович 1979-жылдын 9-июнунда Бишкек шаарында туулган.
- Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетин жана юридикалык факультетин аяктаган.
- 2004-жылдан тарта ушул күнгө чейин Тышкы иштер министрлигинин системасында ар кандай кызматтарды аркалап, атташеден баштап департаменттин директоруна чейин жеткен.
- Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси деген дипломатиялык рангга ээ.
- Англис жана түрк тилдерин билет.