Газанын тургундары палестиналык ХАМАС кыймылы менен Израилдин ортосунда ок атышпоо келишими жарыялангандан кийин көчөлөргө чыгышып, бири-бирин куттукташты.
Шаардын борборунда миңдеген жарандар бири-бирин куттуктап, айрым жерлерде жаштар колдоруна Палестинанын мамлекеттик желегин көтөрүп, бийлеп, ырдашкан.
Массалык майрамдар Газа секторунун башка шаарларында, ошондой эле коңшулаш Ливандын борбору Бейрутта дагы болгон.
TRT на русском Тeлеграм каналы Газа тилкесиндеги палестиналык балдардын Израил менен ХАМАСтын ортосунда ок атышпоо жана туткундарды алмашуу келишимине сүйүнгөн видеосун жарыялады. Анда жаш балдар сүйүнүчтөн көздөрүнө жаш алышкан.
Буга чейин ХАМАС менен Израил Газада ок атышпоо боюнча келишимге жетишкени кабарланган. Дохада болгон жолугушууда тараптар документтерге кол койгон келишим үч этап менен ишке ашат жана 19-январдан тарта күчүнө кирет.