ХАМАС Түркия, Орусия баш болгон бир нече өлкөлөргө ыраазычылыгын айтты

Палестинанын ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун мүчөсү Халил аль-Хай Түркия, Түштүк Африка, Алжир, Орусия, Кытай жана бардык өлкөлөргө палестиналыктардын жана Газадагы элдердин укуктарын колдогон адилет позициялары үчүн ыраазычылык билдирди. Ыраазычылык кат ХАМАСтын Телеграм каналында жарыяланды.

Кайрылуусунда ал Израил Газа тилкесинде 2023-жылдын 7-октябрынан бери жүргүзүп жаткан кыргын согушунда эч бир максатына жетпегенин белгилеп, палестиналыктардын Газа тилкесин кайра курууга күчү жетерин баса белгиледи.

"Биз Газаны алгач Аллахтын, андан кийин бир туугандарыбыздын, жакындарыбыздын жана колдоочуларыбыздын жардамы менен калыбына келтире алабыз", - деп жазды ал.

Мындан тышкары ал кайрылуусунда Түркия, Түштүк Африка, Алжир, Орусия, Кытай, баштаган бардык өлкөлөргө Газадагы палестиналыктардын жана кыйналган адамдардын укуктарын колдоодо көрсөткөн адилет позициясынан улам ыраазычылык билдирди.

Буга чейин ХАМАС менен Израил Газада ок атышпоо боюнча келишимге жетишкени кабарланган. Дохада болгон жолугушууда тараптар документтерге кол койгон келишим үч этап менен ишке ашат жана 19-январдан тарта күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан