Депутат 2 жашар кызын бала бакчага берген ата-эне ага ыйлап келишкенин айтты

Бүгүн, 16-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов жеке менчик бала бакчада балдар сабалып жатканын айтты.

Анын айтымында, эл өкүлүнө Айбек аттуу жаран кайрылып, 2 жашар кызы бала бакчага баргандан кийин психикалык жактан жабыркап жатканын билдирген.

"2 жашар кызын бала бакчага бергенден 2 күндөн кийин кыз түнү менен уктабай жатыптыр. Бул боюнча арыз жазылып, тергөөчү иш козгоюн десе прокуратура мүмкүнчүлүк бербей жатыптыр. Назира деген тарбиячынын жеке бала бакчасы экен. Ал башка балдарды дагы урат экен. Бул видеокөзөмөлгө түшүптүр. Мага ата-энеси "арыз жазабыз, иш козголбойт, же муну жумуштан албайт" деп ыйлап келишти", - деди Сулайманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан