Президент Владимир Шадыкановду жаңы кызматка дайындады

Коргоо министринин орун басары болуп Владимир Шадыканов дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан бүгүн, 16-январда билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгон.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 8-бөлүгүнө, 71-беренесине ылайык Шадыканов Владимир Жумалиевич коргоо министринин орун басары болуп дайындалды", - деп жазылат документте.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан