Беловодское айылында 19 жаштагы келин жолдошун өлтүрүүгө шектелип кармалды (окуянын чоо-жайы)

Чүйдүн Беловодское айылында 19 жаштагы келин жолдошун өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, 16-январда саат 01:15те Беловодское айылындагы Ленин көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде үй-бүлөлүк жаңжал болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул фактынын негизинде ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө К.Б. аттуу 1996-жылы туулган жаран Э.А. аттуу 2005-жылы туулган кыз менен жарандык никеде болгону аныкталган. Жубайлар ошол эле күнү кечинде спирт ичимдигин ичишкен. Андан кийин экөө уруша кетип, жубайы бычак менен күйөөсүнүн жүрөк тушуна сайып жиберген. Жыйынтыгында жолдошу ошол жерде каза болгон.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү келин убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Милиция учурда тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан