Парламент төрагасы өлкө санариптештирүү маселесинде дүйнөдөн артта калганын айтты

Бүгүн, 16-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу өлкө санариптештирүү маселесинде кыйла артта калып жатканын айтты.

"Азыр бүткүл дүйнө жүзү санарип кызматтарын өнүктүрүп жаткан маалда биздики абдан жай болуп жатат. Андыктан бул маселени парламенттин жакынкы жыйындарында карап, өлкөбүздө санариптештирүү кандай жүргүзүлүп жатканын, борбордо жана аймактардагы санариптештирүүгө байланышкан абал кандай экенин талкуулап, чечим кабыл алышыбыз керек", – деди ал.

Ошондой эле спикер Санариптик өнүктүрүү министрлигинин ишине депутаттардан тышкары көпчүлүк жарандар да нааразы болуп жатканын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан