"Чоң ката". Депутат Масалиев Лениндин эстелигин алуу демилгесинде тарыхты кароого чакырды

Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев Бишкектин эски аянтындагы Владимир Ильич Лениндин эстелигин алуу боюнча кесиптеши көтөргөн демилгеде тарыхты эске алуу керектигин билдирди.

Ал Лениндин эгемендүү кыргыз өлкөсүнүн калыптанышына салымы бар экенин белгилеп, мындан башка козгой турчу маселелер көп экенин айтты.

"СССР тарагандан кийин 15 мамлекет эгемендүүлүккө жетти. Саналуу өлкөлөр үчүн Кеңеш өкмөтү жакшылык алып келген. Алардын ичинде Кыргызстан бар. Байыркы 3 миң жылдык тарыхыбыз, мамлекетибиз болгону менен 20-кылымдын башына келгенде жерибиз жок болчу, экиге бөлүнүп калганбыз. Жарымыбыз Орусия империясында, жарымыбыз Кокон хандыгынын курамында болдук. Совет бийлиги келгенден кийин Кара Кыргыз автомондуу облусу анан Кара Кыргыз автомондуу республикасы, кийин Кыргыз ССРи түзүлгөн. Мына ошондо түзүлгөн чек ара менен биз эгемендүү Кыргызстан болуп отурабыз. Мында Владимир Ильич Лениндин орду чоң.

Тарыхты тез эле унуткан адат пайда болду. Кечээгини утунканга аракет кылып жатабыз. Бул чоң ката. Кийин урпактарыбыз тактап чыгат. Мен суранат элем, бул демилгени козгобой турсак. Улуу инсаныбыз Усубалиевдин эстелиги 200 метр ары жанында турат. Өлкөнү түптөгөн Раззаков, Орозбеков сыяктуу инсандарыбыздын бардыгы Коммунисттик партияны, улуу Ленинди туу туткан", - деди Масалиев.

Айта кетсек, кечээ парламент жыйынында вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев эски аянтта турган Владимир Ильич Лениндин эстелигин алып, ордуна Турдакун Усубалиевдин айкелин коюуну сунуштаган.

Депутат Масалиев Лениндин эстелигинин алуу демилгесинде тарыхты кароого чакырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан