Түркмөнстандын мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов улут атасы деп жарыяланды

Түркмөнстандын мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов эл алдында "Улут атасы" деп аталды. Бул тууралуу өлкөнүн вице-премьер-министри Рашид Мередов парламентинин төрагасы жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн катышуусунда өткөн жыйында билдиргенин Turkmen News жазды.

Маалыматка ылайык, министрдин сөзүндө экс-президент эл алдында биринчи жолу улут атасы деп аталды. Ал жыйын мамлекеттик телеканал аркылуу көрсөтүлүп, Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги Бердымухамедовдун жаңы статусу тууралуу кеңири баяндаманы жарыялады.

Эми бардык мамлекеттик маалымат каражаттары Гурбангылу Бердымухамедовду жаңы статусу менен, тагыраагы, улут атасы деп атоого милдеттүү.

Гурбангулы Бердымухамедов 1957-жылы 29-июнда Түркмөн ССРинин (азыркы Түркмөнстан) Ашхабад облусунун Бабарап айылында туулган. Түркмөнстандын мурдагы президенти азыркы мамлекет башчысы Сердар Бердымухамедовдун атасы.

2010-жылы Бердымухамедовго аркадаг (колдоочу) наамы ыйгарылган.

2015-жылы Ашхабадда Бердымухамедовдун биринчи айкели ачылган. 21 метр бийиктиктеги эстелик Бердымухамедовдун оң колун бийик көтөрүп, ат минип баратканын сүрөттөгөн.

Жалпысынан Бердымухамедов 60тан ашык китеп жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан