Чуй облусунун аймагында жолдун жээгинде мыйзамсыз соода-сатык кылгандарга карата "Соода-сатык" аталышындагы рейд жүрүп жатат. Бул жөнүндө облустук жол инспекциясы бүгүн, 16-январда билдирди.
Кабарлангандай, 10-январда башталган иш-чара 19-январга чейин уланат.
Анын жүрүшүндө жол боюнда күйүүчү май саткан 20 жаранга Укук бузуу кодексинин 179-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 3000 сомдон айып пул салынды. Ал эми мыйзамсыз сатылып жаткан күйүүчү май тийиштүү мекемелерге өткөрүлүп берилет.
Чүй ЖКККБ жол жээгинде соода-сатык кылууга тыюу салынарын эскертти.