Бишкекте 35 жаштагы киши кошунасын зордуктоого шектелип кармалды

Бишкек шаарында зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул туралуу бүгүн, 16-январда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз жазган жаран кошунасы 1-январда болжол менен таңкы саат бештер чамасында күч колдонуп зордуктаганын айткан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Шектүү катары 1989-жылы туулган Б.Б. аттуу жаран кармалып, Ленин райондук сотунун чечими менен Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан