Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында жайгашкан "Отель Евразия" эс алуу борборуна таандык жалпы аянты 20 гектардан ашуун, базар баасы 729 миллион 682 миң сом болгон жер тилкелери мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, "Бермет" мамлекеттик пансионатынын (азыркы “Отель Евразия") жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүүгө байланышкан коррупция фактысы боюнча кылмыш иши иликтенүүдө.
Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чаралардын жыйынтыгында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин балансына "Отель Евразия" ЖЧКсына таандык жер тилкелери өткөрүлүп берилди.