Бишкек шаарында эки берене боюнча шектүү делген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-январда бир жаран милицияга кайрылып, жоготуп алган ID паспорту аркылуу ижарага батир алып, аны кайра башка жарандарга ижарага берип жүргөн адамды таап берүүнү суранган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (Документтерди жасалмалоо) жана 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1988-жылы туулган Орусиянын жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар-жогу аныкталууда.