"25ке 25". Орусия менен Украина 2025-жылы биринчи жолу туткундарды алмашты

Орусия менен Украина туткундарды “25тен 25ке” формуласы менен алмаштырышты. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.

Маалымдалгандай, туткундан бошотулган орусиялыктар Беларуска алып келинген. Аларга учурда психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Алмашууда ортомчу катары Бириккен Араб Эмираттары иш алып барган.

Ураинанын лидери Владимир Зеленский дагы 25 украиналык туткун кайтарылганын билдирди. "Бул биздин аскерлер жана жарандар. Жигиттер оор жаракат алып, ооруп жатышат", - деп жазган ал.

Белгиленгендей, акыркы жолу туткундарды алмаштыруу 30-декабрда болгон. Анда Орусиянын 150 аскери кайтарылып, украиналык 180 аскер мекенине барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан