Бүгүн, 16-январда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов аялдардын диний уюмдарынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, талкуунун негизги темасы аялдарга карата зомбулук, алардын укуктары жана коомдогу ролу маселелери болду. Жыйында үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, эрте никеге туруу жана аялдар менен кыздар туш болгон башка социалдык көйгөйлөр боюнча баяндамалар жана аналитикалык маалыматтар каралды. Диний уюмдарда жана чечим кабыл алуу процесстеринде мусулман аялдардын ролун талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду.
Белгилей кетсек, кечээ, 15-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева ымыркайлардын ташталышы, аялдарга карата зордук-зомбулук темасын көтөрүп, Байсаловдун эмне менен алек болуп жүргөнүн түшүнбөй жатканын айткан эле.