Орусиянын президенти Владимир Путин 2025-жылы запастагы орусиялык аскерлерди аскердик даярдыктан өткөрүү боюнча жарлыкты бекитти. Документ Орусиянын укуктук маалымат порталында жарыяланды жана жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирди.
Жарлыкка ылайык, Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө, Улуттук гвардиянын аскерлеринде, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучу бөлүктөрүндө, ошондой эле мамлекеттик күзөт органдарында жана федералдык коопсуздук кызматында машыгуу өткөрүлөт.
Аскердик окууга чакыруу "Коргоо жөнүндө" жана "Аскердик милдет жана аскердик кызмат жөнүндө" Орусиянын Федералдык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.