Москвадагы Жеңиш парадына АКШдан "жашыруун конок" келиши мүмкүн экени айтылды

Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгын Москвада майрамдоого АКШдан “чоң конок” келиши мүмкүн. Бул тууралуу Американын Newsweek басылмасы өз булактарына таянуу менен жазып чыкты.

"Орусиянын президенти Владимир Путин май айында Жеңиш күнүнүн урматына жыл сайын өтүүчү аскердик парадга даярдыктарды эмитен эле баштады жана бул маанилүү күнгө АКШдан атайын конок күтүүдө", - деп айтылат материалда.

Басылма белгилегендей, Москва Жеңиш парадына чет элдик конокторду дайыма чакырып турат. Жашыруун америкалык конок АКШнын шайланган президенти Дональд Трамптын администрациясынан же аны менен байланышта болгон адам болот.

Маселен, 2020-жылы Москвадагы Жеңиш парадына АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О'Брайен катышкан. Трамп бул парадга катыша албай турганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан