Жайыл районунда кишини бычактоого шектелип 59 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 16-январда милицияга Жайыл райондук ооруканасынан 45 жаштагы жаран бычактан алган жаракатынан улам жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганын кабарлаган. Факты каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 59 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөөдө алар 16-январь күнү түндө Кара-Суу айылында жайгашкан сарайда спирт ичимдиктерин ичишкени, ортолорунда түшүнбөстүк жаралып чырга айланганы, натыйжада шектүү жабырлануучуну ашкана бычагы менен көкүрөк тушка сайганы аныкталган.
Милиция иш боюнча бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.