"Суу каякка кетип жатат?" Энергетика министрлиги ГЭСтерге экскурсия уюштурат

Энергетика министрлиги 21-январда гидроэлектростанцияларга (ГЭС) экскурсия уюштуруп жатат. Ага бардык каалоочулар (активисттер, журналисттер, эксперттер жана жөнөкөй жарандар) катыша алышат.
Министрлик тактагандай, анда ГЭСтердин иштеши, жаңыланган жабдуулар жана электр энергиясынын өндүрүү процесси көрсөтүлөт.
"Акыркы убакта коомчулукта “Тарифтер эмнеге көтөрүлүп жатат?”, “ГЭСтер жаңыланып жатканы менен, жарык эмнеге жетишсиз?” же “Суу каякка кетип жатат?” деген сыяктуу суроолор көбөйүүдө. Экскурсиянын негизги максаты — энергетика тармагындагы маселелерди жеринде фактылар менен түшүндүрүп берүү" деп айтылат маалыматта.
Экскурсияда эмне болот?
  • ГЭСтердин иштөө процесси тууралуу маалымат берилет;
  • Жаңыланган гидроагрегаттарды көрсөтүлөт;
  • Электр энергиясынын өндүрүлүү жолдору айтылат;
  • Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү жана анын энергетикадагы ролу тууралуу маалымат берилет;
  • Энергетика тармагында аткарылып жаткан иштерди жеринде көрүп, кызыктырган суроолорго жооп алса болот.
Бара тургандар (паспортун жанына алуулары зарыл) 21-январда саат 6:00дө Энергетика министрлигинин (Жибек Жолу көчөсү, 326) имаратынын алдында чогулуп, саат 7:00дө сапарга чыгышат. Каттоо (20-январь саат 13:00 чейин) үчүн байланыш номерлер 0704 45-38-38, 0772 66-57-87.
Экскурсиянын чыгымдары министрлик тарабынан каржыланары кабарланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан