Ташиев Көлбаев тууралуу: "Мыйзамдагы ууруну жок кылуу тууралуу чечим кабыл алууга аргасыз болдум"

Кримтөбөл Камчы Көлбаевди жок кылуу мамлекет үчүн кабыл алынган чечим болгон. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 16-январда Бишкекте Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги, жогорку окуу жайлардын, кесиптик лицейлердин жана колледждердин кызматкерлери менен өткөргөн кеңешмеде айтты.

Атайын кызматтын башчысы өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтор күч алып, атүгүл бийлик бутактарына чейин кулач жайып кеткенин белгиледи.

"Алардын мамлекеттикиндей эле өз системасы болгон. "Мыйзамдагы ууру" президенти болгон, андан кийин башкалары турган. Ишкерлерден акча чогултуп турушкан. Күчтүү структурасы болгон. Чынын айтайын, мамлекет үчүн мен мыйзамдагы ууруну жок кылуу тууралуу чечим кабыл алууга аргасыз болдум. Биз аны, андан кийин анын шериктерин, уюшкан кылмыштуу тобуна кирген адамдарды жок кылдык. Азыр өлкө бул башаламандыктан кутулду", - деди Ташиев.

Ошондой эле ал ишкерлер мурдагыдай болуп уюшкан кылмыштуу топторго акча бербей калганын кошумчалады.

Эске салсак, маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Кийин ага тиешелүү байлыгы, аны менен байланышы бар адамдардын мүлкү мамлекетке алынганы кабарланган.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан