Учурда судьялар 140-150 миң сом айлык алышат. Бул тууралуу УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев кечээ, 16-январда билим берүү тармагынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда билдирди.
Анда ал башка тармактардын маяналары көтөрүлүп жатканын айтып, кезек мугалимдерге дагы жетерин кошумчалады.
"Сиз бизди таза иште дейсиз, а биздин айлык 70 миң сом" деп мага 3-4 судья ыйлап келди. Алар түштүк жакка ротация болуп барып иштеп жаткандар экен. "Батирге 30 миң, тамак-ашыма 20-30 миң кетет, анан ашса бала-чакама 10 миң калат, болбосо жок" дешти. Мен эмне кылышым керек десем, "биздин айлыкты көтөрүп бергиле" дешти. Мен президентке сунуш киргиздим, өлкө башчыбыз болсо жарлыгы менен судьялардын айлыгын эки эсе көтөрдү. Азыр алар эң аз дегенде 140-150 миң сом алышат. Сиздерге дагы кезек келет", - деди Ташиев.