Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен кызматташууну кеңейтүүгө ниеттенүүдө

Эфиопиянын Аддис-Абеба шаарында тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Африка өлкөлөрүнүн (Кения, Ботсвана, Либерия, Мали, Гвинея, Ливия, Мадагаскар, Гвинея-Бисау, Сомали, Эсватини жана региондогу башка мамлекеттердин) өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Исаев анда дүйнөлүк экономикалык системада жана эл аралык мамилелерде Африканын ролу өсүп жатканын, муну эске алуу менен Кыргызстан Африка континенти менен кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушууларда эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, эки тараптуу мамилелерди кеңейтүү, Кыргызстандын эл аралык уюмдардын жана БУУнун шайлануучу органдарынын алкагындагы глобалдык демилгелер талкууланды.

Ошону менен бирге Аддис-Абеба шаарындагы Африка биримдигинин штаб-квартирасында Асеин Исаев Африка Биримдиги Комиссиясынын өнөктөштүк жана ресурстарды мобилизациялоо департаментинин башчысы Стив Патрик Лаленде менен жолугушту.

Тараптар Кыргызстан менен Африка биримдигинин ортосундагы мындан аркы кызматташуу жана өнөктөштүктү бекемдөө маселесин талкуулашты. Африка Биримдиги Комиссиясы Кыргызстан жана жалпысынан Борбор Азия өлкөлөрү менен тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдирди. Ошондой эле жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу маселеси жана Кыргызстандын уюмда байкоочу мамлекет болуу мүмкүнчүлүгү кеңири талкууланды.

Маалымат үчүн: Африка биримдиги деп аталган уюм биримдикти чыңдоо жана жалпы позицияларды илгерилетүү, өлкөлөр ортосундагы саясий, социалдык-экономикалык жана маданий байланыштарды кеңейтүү максатын көздөгөн бардык 54 африкалык мамлекеттердин бирикмеси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан