Бүгүн, 17-январда Ош шаарынын Турсунбаев көчөсүндө жайгашкан кампадан чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоо 09:26да чектөөгө алынып, 12:20да толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 420 чарчы метрди түздү. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар катталган жок.
Ал эми өрттү өчүрүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп жана штаб, дрон тартылган.