2024-жылы Кытайдын калкы канчага азайганы айтылды

Коңшу Кытайдын Мамлекеттик статистика бюросунун отчётуна ылайык, Кытайдын калкынын саны 2024-жылдын аягында 1 миллиард 408 миллионго чейин кыскарып, 2023-жылдын аягына салыштырмалуу 1 миллион 390 миңге азайган.

"Кытайдын калкы 2024-жылдын аягында 1 миллиард 408 миллион 280 миң адамды түздү. Бул 2023-жылдын аягына салыштырмалуу 1 миллион 390 миңге аз", - деп айтылат ведомствонун жума күнү жарыяланган отчётунда.

Маалым болгондой, өткөн жылы 9 миллион 540 миң адам төрөлүп, 10 миллион 930 миң адам каза болгон.

Отчётто Кытайда 2024-жылдын аягында жыныстык катыш 104,49 болгон, башкача айтканда, ар бир 100 аялга дээрлик 105 эркек туура келгени айтылат. Өлкөнүн эркектеринин саны 719,09 миллион, аялдардын саны 689,19 миллион.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан