Бишкекте кызматкерлер арасындагы "Ден соолук" спартакиадасы башталды

Бүгүн, 17-январдан тарта Бишкекте салтка айланган "Ден соолук" спартакиадасы башталды. Бул тууралуу "Жаштык" дирекциясы кабарлады.

Мелдеш бүгүн, 17-январда башталды жана 4-февралга чейин уланат. Мелдешке өлкөнүн жогорку окуу жайларынын жана кесиптик орто окуу жайларынын кызматкерлери катышат.

"Ден соолук" спартакиадасы дене тарбия жана спортту жайылтуу, аларды сергек жашоого тартуу максатында өтүлөт", - деп билдиришти "Жаштык" дирекциясынан.

Спартакиаданын программасында төмөнкү спорттун түрлөрү бекитилген:

• Футзал;

• Стритбол;

• Тогуз коргоол;

• Стол теннис;

• Волейбол;

• Шахмат;

• Ордо.

Мелдештин ачылыш аземи 22-январь күнү саат 15:00дө И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын спорттук базасында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан