Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт

Бишкекте дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул туурасында Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Жарманке дем алыш күндөрү саат 09:00дөн кечки саат 19:00гө чейин уланат.

Жарманкенин максаты – ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат.

Жарманке Бишкек шаарынын Түгөлбай ата көчөсү, Эркиндик жана К.Тыныстанов (ЖД вокзал) көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.

Суроолор боюнча төмөнкү номерге байланышса болот: 0702 702 000

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан